Сиднейдеги ок атуу 11 кишинин өмүрүн алды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Австралиянын Сидней шаарында Бонди-бич эс алуу аймагында белгисиз адамдар көчөдө туш келди ок чыгарышты. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, окуя жөөттөрдүн Ханука майрамын белгилөө маалында катталды. Салтанатка жергиликтүү еврей коомунун мүчөлөрү катышып жаткан. Полициянын маалыматына ылайык, "көптөгөн" курмандыктар катталды. Би-би-си полициянын маалыматына таянып кеминде 10 адам каза болгонун, 12 адам жаракат алганын жазды.