Орусиянын Ростов облусу дрондордун жапырт чабуулуна кабылды. Бир катар электр зымдары үзүлүп, турак жайлар жабыркаганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 15-декабрга караган түнү украин армиясынын 146 учкучсуз аппараты атып түшүрүлдү.
Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсарь Ростов-на-Дону шаары, Каменск, Новошахтинск, Каменский, Константиновский жана башка райондор жапырт чабуулга туш болгонун айтты.
Анын сөзүнө караганда, жабыркагандар жок, бирок автоунаалар, жеке үйлөр жана айрым имараттардын терезелери сынган.
Astra Телеграм-каналы жазгандай, украин армиясы Новошахтинск мунай азыктарынын заводунун филиалына сокку урууну көздөгөн болушу мүмкүн.
14-декабрдын кечинде Белгород шаарындагы “Луч” жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) сокку урулган. Бул тууралуу “Пепел” жана Astra каналдары жазды. Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков чабуулдун кесепетинен инфраструктура олуттуу зыян тартканын билдирди.
Ал эми Астрахань облусунда 38 дрондун мизи кайтарылганын маалымдады. Расмий Киев Орусиянын аймагындагы соңку чабуулдар боюнча эч кандай комментарий берген жок. Адатта украин күчтөрү орус армиясынын каржы булагы болгон мунай ишканаларын бутага алып келет.
Ал арада Орусия армиясы 15-декабрга караган түнү Украинага абадан жапырт чабуул койду. Украин Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, орус күчтөрү жалпысынан 153 дрон менен кол салган. Алардын 133ү жок кылынган.
Днепропетровск облусунда орус чабуулунун кесепетинен эки адам жабыркады, инфраструктура жана транспорт ишканасы зыян тартты. Бул тууралуу облустун башчысы Владислав Гайваненко билдирди.
Кийинчерээк куткаруучулар Синельников районунда чыккан өрттү өчүрүп жатышканда орус армиясы кайрадан сокку урганын маалымдашты. Анын натыйжасында куткаруучу жана ишкананын бир кызматкери жабыркап, экөө тең ооруканага жаткырылган.
Расмий Москва көптөгөн далилдерге карабастан Украинадагы жарандык жайларга сокку урганын четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын айтып келет.
Шерине